Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин эмгек акысын кезектеги көтөрүү 2026-жылдын январь айына пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Жалал-Абад облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында билдирди.
“Дени сак улут – дени сак мамлекет. Андыктан, саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү өлкөбүздүн башкы багыты. Айрыкча калктын саламаттыгын чыңдаш үчүн аталган тармакта эмгектенген медициналык кызматкерлердин айлык маянасын жогорулатышыбыз керек. Дарыгерлердин айлыгы кеминде 70-80 миң сомдон өйдө болгондо гана аларга талапты коюп, тармакты алдыга жылдыра алабыз”, – деген төрага медицина кызматкерлеринин айлык акысы келерки жылдын январынан тарта сезилерлик деңгээлде көтөрүлөрүн кошумчалады.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн Ала-Бука районуна караштуу Ала-Бука айылындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун Кеңеш берүү жана диагностика бөлүмүнүн имаратынын абалы менен таанышкан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн