Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 12:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кара-Сууда 1,3 млн сомдук мөөнөтү өтүп кеткен суусундуктар аныкталды

16.04.2025 15:52
367
Кара-Сууда 1,3 млн сомдук мөөнөтү өтүп кеткен суусундуктар аныкталды


Салыкчылар акциздик маркасы жок продукцияларды аныкташты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.


Тактап айтканда, 15-апрелде рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун Жоош айылында мыйзамсыз суусундуктар сакталган кампа аныкталган. Анда жалпы суммасы 1 млн 340 826 сомду түзгөн, 28 008 даана 0,5 литр көлөмүндөгү акциздик маркасы жок продукциялар жана мөөнөтү өтүп кеткен алкоголсуз сергитүүчү (энергетикалык) суусундуктар табылган.


Аталган факты боюнча жеринде акты түзүлдү. Ал КРнын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүлдү.


Салык кызматы акциздик маркасы жок товарларды, ошондой эле мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды сатуу мыйзамдарды бузуу болуп саналарын жана укуктук жоопкерчиликке алып келерин эскертет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн