Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 15:48
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Кара-Кулжада ач карышкыр айылга кирип, 17 жаштагы кызга кол салды

19.07.2021 15:20
4226
Кара-Кулжада ач карышкыр айылга кирип, 17 жаштагы кызга кол салды

17-июль күнү түнкү саат 22:00 Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн Коо-Чаты айылында чамасында ач карышкыр 17 жаштагы кызга кол салды. Бул тууралуу  Turmush басылмасы билдирди.



«Түндө ач карышкыр Коо-Чаты айылындагы жайгашкан короого түшүп келип, майда жандыктарга кол салган. Ошол убакта короодогу мал-жандыктардын ызы-чуусунан фонарик жандырып чыккан 17 жаштагы кызга кол салып, буттан тиштеген. Кыз качып, араң кутулган. Андан соң түнкү 24:00дөн кийин дагы келгенде ошол жердеги чабан чыгып кармаша кеткен. Ызы-чуудан кошуналар да ойгонуп келип карышкырды муунтуп өлтүрүшкөн. Карышкырдын кутурган кутурбаганын аныктоо үчүн Оштогу лабораторияга жибердик. Ал эми жаракат алган тургундар учурда райондук ооруканада дарыланып жатышат. Кечээ кабар алганбыз, абалдары жакшы», - деди ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн