Бугу 21, 2025
Убакыт: 15:23
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.080
1.110

Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыккан

Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыккан


20-май күнү кечинде Кара-Балта шаарындагы "Жунда" мунай иштетүүчү заводунда өрт чыккан. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарап, жергиликтүү тургундарды тынчсыздандырууда.


Окуяга күбө болгондордун айтымында, өрт чыкканга чейин катуу жарылуу угулган. Андан кийин заводдо өрт чыккан. Болжол менен күйүүчү заттар салынган цистерналардын бири күйүп кеткен. Окуя болгон жерге тез арада өрт өчүрүү техникасы келген.


Кара-Балта мэриясынан билдиришкендей, өрт тез арада чектөөгө алынып, жарылуу болгон эмес. Жабыркагандар болгон жок.


Өрт бир контейнерден чыккан, бирок өрт өчүрүүчүлөр тез арада чара көрүшкөн. Учурда абал толугу менен көзөмөлгө алынганын шаардык кызматтар тактады.  


Окуянын келип чыгуу себептери иликтенип жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, калкка жана экологияга коркунуч келтирилген эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн