Кулжа 05, 2025
Убакыт: 04:41
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.100
1.135

Каныбек Иманалиев: “Отту сүйөм” ыры менен эле поэзиянын Эверестине чыккан”

03.06.2025 10:48
77
Каныбек Иманалиев: “Отту сүйөм” ыры менен эле поэзиянын Эверестине чыккан”


Улуттук жазуучулар кошуунунун төрагасы менен маек.


- Каныбек мырза, акын Жолон Мамытов жөнүндө эмне айта аласыз?


- Жолон Мамытов кайтыш болгондо “Кыргызстан пионерине” менин ырым чыккан. Адамды биринчи көргөндө кандай образ калса, китепте деле ошондой. Мен Жолон аганын өзүнө жолуга алган жокмун, бирок “Отту сүйөм” деген ыры менен эле ал поэзиянын Эверестине чыккан. Кийин сонеттерди, поэмаларды, публицистикалык ырларды жазды, бирок менин элесимде Жолон Мамытов – бул “Отту сүйөм”. Анда биринчиден, чоң граждандык пафос бар. Ата журтту пафоссуз сүйүү мүмкүн эмес. Экинчиден, сүйүү ырларында терең лирика бар. Үчүнчүдөн, ал кыргыздын классик акындарынын бири. Алтымышынчы жылдардан токсонунчу жылдарга чейин кыргыз поэзиясында 200-300дөй акын болсо, ошолордун арасынан топ жарып чыккан Жолон Мамытов менен Турар Кожомбердиев болду. Экөөндө тең поэтика күчтүү. Анан Жолон Мамытовдун ырларында обон көбүрөөк. Кээ бирөөлөрүнө обон чыкты, айрымдарына обон чыкпаса деле ырдалып турат.


- Ал киши жазуучулар кошуунунун тарыхында биринчи жолу китеби чыга электе эле мүчө болгон экен...


- Салижан Жигитовдун сөзү бар: “Эгер кайсы бир акындын ырларынан эки сабы таңдайыңа жалбыз конфет салып алгандай жүрбөсө, ал поэзия эмес” деген. Биз студент кезде Мамытовдун ырларын жатка билчү элек. Мисалы, 


Окшошсуң асмандагы бир жылдызга.

Жок жалган, жылдыз өзү окшош сага...


Мобул ырын мен өзгөчө жакшы көрөм:

Экөөбүз бара жатып жолдон эле,

“Сүйөм” десем ыйлап ийдиң шондо неге?

Бул окуя мындан көп жыл мурун

6 “б” класста болгон эле...  


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн