Кулжа 15, 2025
Убакыт: 21:55
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Канат Исаев: Парламент жыйыны мыйзамсыз өттү

12.10.2020 09:46
1597
Канат Исаев: Парламент жыйыны мыйзамсыз өттү


“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев 10-октябрда "Ала-Арча" резиденциясында өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында "кворум болгон жок" деп эсептейт.

Ал регламент боюнча жыйында кеминде 61 депутат болушу зарылдыгын, жыйынга анча депутат катышпаганын, андыктан “Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп шайланышы күмөн жаратарын” белгиледи.

“Жогорку Кеңештин жыйыны кворумсуз өткөрүлдү. Демек, кворум болбогондуктан жыйын мыйзамдуу күчкө ээ эмес”, - деди Исаев.

Булак: Азаттык 

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Ая
Чындык жок . Акча элди женди
Тол
Жыйын мыйзамсыз болсо ошондо чыгып айтапайсыңбы түштөн кийин айтпай, дагы элди жыйып митинг кылгыла анда