Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 20:47
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Камоо менен маселе чечилбейт. Тазабек Икрамов бүгүнкү тинтүү жана кармоолор тууралуу

23.10.2022 16:17
432
Камоо менен маселе чечилбейт. Тазабек Икрамов бүгүнкү тинтүү жана кармоолор тууралуу

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн, 22-октябрда, оппозициялык маанайдагы бир катар саясатчылар менен активисттердин үйүн тинтүүгө алып жана кармалышына каршы пикирин билдирди.  


"Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрүн, жарандык активисттерди, оппозициялык маанайдагы саясатчыларды жекшемби күнү таң эрте үйүн тинтүүгө алуу демократиянын фундаменталдык баалуулуктарын бузуу болуп эсептелет.


Саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет!.


Ачык пикир айткандарды антип камоо менен маселе чечилбейт. Маселе эл менен эсептешкенде гана чечилет",- деди Тазабек Икрамов.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн