Камбар-Ата — 2 ГЭСинин плотинасын бекемдөө үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан 50 миллион доллар насыя алуу пландалууда. Тиешелүү макулдашуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде каралып, колдоо тапты.
Макулдашуу боюнча энергетика министринин биринчи орун басары Эмилбек Ысманов баяндама жасады. Анын айтымында, курулушка жалпы 56,8 миллион доллар жумшалат. Анын 6,8 миллион доллары бюджеттен каржыланып, калганы 20 жылга кредит алынат. Анын алгачкы беш жылы жеңилдетилген мезгил болсо, калган 15 жылда негизги төлөм жана пайызы төлөнөт. Үстөгү 1 пайызды түзөт. Ал эми насыянын жалпы суммасынан 0,5 пайыз (250 миң доллар) комиссия катары кармалат.
Каражат Камбар-Ата — 2 ГЭСинде суу агызуучу үстүңкү курулушун тургузууга жумшалат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн