Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 12:16
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Kaktus.media сайтынын журналисттери суракка чакырылды

03.02.2022 14:58
741
Kaktus.media сайтынын журналисттери суракка чакырылды

Kaktus.media сайтынын журналисттери Бишкек шаардык прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу сайттын редактору Дина Маслова 24.кг агенттигине билдирген.


Анын айтымында, тергөөчүлөр редакциянын бардык журналисттерин суракка алат.


"Бүгүн үч кызматкерибиз Бишкек шаардык прокуратурасына суракка чакырылды.Марат Уралиев, Александр Шабалин и Бермет Уланова бүгүн сурак берет",- деп билдирген редактор.


Эскерте кетсек, аталган сайтка кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу согушту  пропагандалоо боюнча кылмыш иши козголгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн