Бугу 20, 2025
Убакыт: 20:39
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.082
1.120

Кадамжайда көмүр казуучу карьерде бир адам каза болду

Кадамжайда көмүр казуучу карьерде бир адам каза болду


Кадамжайда көмүр казуучу карьерде бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, бүгүн Кадамжай районуна караштуу Боз айылындагы тоодо жайгашкан өз алдынча көмүр казуучу карьерге (9-забой) газ толуп, ичинен 1 эркек киши чыга албай калгандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн.


Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө ӨКМдин Тоо кырсыгынан куткаруу кызматынын 4-өзүнчө мобилдештирилген тоо кырсыгынан куткаруу бөлүмүнөн 6 куткаруучу тартылып, аталган жарандын (аты-жөнү такталууда) сөөгүн забойдун 90 метр тереңдигинен алып чыгып, туугандарына өткөрүп беришти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн