Теке 28, 2025
Убакыт: 18:36
USD
87.20
87.70
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Дипмамилелерге 25 жыл. Кыргызстан менен Россиянын президенттери куттуктоо телеграммалары менен алмашты

28.07.2025 13:20
20
Дипмамилелерге 25 жыл. Кыргызстан менен Россиянын президенттери куттуктоо телеграммалары менен алмашты


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Россиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы Түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө декларацияга кол коюлгандыгынын 25 жылдыгына байланыштуу куттуктоо каты менен алмашты.


Президент Садыр Жапаровдун телеграммасында Декларацияга кол коюу жалпы тарыхка, маданий жакындыкка жана өз ара сый-урматка негизделген кыргыз-орус мамилелеринин динамикалуу өнүгүшү үчүн жаңы горизонтторду ачканы белгиленген.


Кыргыз Республикасы саясий диалогду бекемдөөгө, соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, гуманитардык байланыштарды түзүүгө өзгөчө маани берери жана Россия Федерациясы менен союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки жактуу жана көп тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө багытталганы баса көрсөтүлгөн.


Өз кезегинде Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 2000-жылдагы Декларация Россия менен Кыргызстандын ортосундагы мамлекеттер аралык мамилелердин заманбап этабынын башталышы болгондугун жана бул маанилүү документке кол коюу эки тараптуу диалогду жана негизги багыттар боюнча кызматташууну сапаттык жактан кеңейтүү үчүн шарттарды түзгөнүн белгиледи.


Тараптар биргелешкен күч-аракет менен кыргыз-орус алакаларынын мындан аркы динамикалуу өнүгүшүн, ошондой эле ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагында конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү камсыздайт, бул достук элдердин түпкү кызыкчылыктарына жооп берет деген ишеним айтылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн