Бугу 17, 2025
Убакыт: 05:34
USD
87.30
87.80
EUR
97.60
98.60
RUB
1.065
1.110

ӨКМде жоокерлерди мазактагандарга тартиптик чара көрүлдү

16.05.2025 16:22
15
ӨКМде жоокерлерди мазактагандарга тартиптик чара көрүлдү


Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун аскер кызматкерлерине мыйзамдын негизинде жоопкерчилик чараларын көрдү. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.


Жоокерлерге кысым көрсөтүү иштерине коммиссия түзүлүп, кошумча иликтөөлөр жүргүзүлдү.


Натыйжада өздүк курам менен тиешелүү иш алып барбагандыгы, өзүнүн кызматтык милдеттерин так аткарбагандыгы жана кадр саясатын талаптагыдай деңгээлде жүргүзбөгөндүгү үчүн:


- 86123 аскердик бөлүк – Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун башчысы кызмат ордунан бошотулду;


- өз кызматтык милдеттерин толук алып бара албагандыгы, өздүк курам менен талаптагыдай деңгээлде иш жүргүзбөгөндүгү үчүн аскердик бөлүктүн башчысынын биринчи орун басары-штаб башчысы кызмат ордунан төмөндөтүлдү;


- өз кызматтык милдеттерин толук аткарбагандыгы, өздүк курам менен талаптагыдай деңгээлде иш аткарбагандыгы үчүн КДМБнын үчүнчү куткаруу кошуундун командири жана үчүнчү куткаруу кошуундун командиринин өздүк курамы менен иштөө боюнча орун басары кызмат орундарынан төмөндөтүлдү.


Мындан сырткары, мөөнөттөгү жоокерлер менен иштеген офицерлерге мыйзам чегинде сөгүш жарыяланды.


Ошондой эле жоокерлерге кысым көрсөткөн аскер кызматкери учурда Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы тарабынан камакка алынып, тергөө иштери жүрүүдө.


Белгилей кетсек, 11-майда аскердик бөлүктөгү жоокерлерге байланышкан видеоматериал коомчулукка тарагандан кийин министр Ажикеев жана биринчи орун басары А.Мамбетов менен аталган аскердик бөлүккө барып, кырдаалды жеринен баалап, тартиптик чара көрүлөрүн билдиришкен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн