Өлкө аймагында 9-11-майда нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул мезгилде тоо этектериндеги жана тоолуу райондордо аба ырайы туруксуз болот.
"Жаай турган нөшөрлүү жаан-чачындан улам сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызгидромет бейшембиден баштап күндүн көзү бузулуп, ишемби жана жекшембиде көпчүлүк жерде жамгыр, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн экенин билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн