Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан "Ала-Тоо Резорт" тоо-лыжа курортунда жол курулат.
Мекемеден билдиришкендей, мунун алкагында “Ала-Тоо Резорт” мамлекеттик ишканасы асма аркан жол куруу боюнча дүйнө лидери аталган Австриялык “Doppelmayr Seilbahnen GmbH” компаниясынын инженерлери менен жолугушту.
Анда чет элдик компания долбоорду мындан ары улантуу чечимин кабыл алып, тактоо, ченөө иштерин жүргүзүшкөн. Жакын арада мамычалар орнотулуучу аймакка чейин техникалык жолдорду куруу иштери башталат. Андан соң мамычылардын пайдубалын түптөө иштери жүрөт.
Белгилей кетсек, курула турган жолдун жалпы узундугу 4 км түзүп, 2 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү 1 км 730 метрди түзүп, 12 мамыча, 2 станция, аба ырайы катаал болгон учурда кабиналарды токтотуучу 1 гараж, ал эми экинчи бөлүгү 2 км 250 метрди түзүп, 14 мамыча, 2 станция жана 1 гараждан турат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн