Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 21:34
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Иракта кыргыз кыз каза болду

26.10.2021 14:41
532
Иракта кыргыз кыз  каза болду

Багдад шаарында иштеп жүргөн С.М. аттуу кыргызстандык кыз каза болду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, буга байланыштуу ирак тарап менен С.М. аттуу КР жаранынын өлүмү боюнча фактыны тастыктоо/жокко чыгаруу өтүнүчү менен ыкчам сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.


Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында ирак тарап Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча КР жараны С.М. болжол менен каза болгондугун, ал эми бул учурда маркумдун сөөгү Багдад шаарынын өлүкканасында жаткандыгын билдирди.


Учурда бул окуя боюнча Ирактын Тышкы иштер министрлигинен расмий маалымат күтүлүүдө.


Бул маселе боюнча бардык иштер маркумдун жакындары менен тыгыз байланышта жүргүзүлүүдө.


Маселе министрликтин көзөмөлүндө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн