Кулжа 17, 2025
Убакыт: 11:57
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Индияда киши колдуу болгон балалуу келиндин сөөгү Кыргызстанга алынып келинет

23.09.2021 10:12
932
Индияда киши колдуу болгон балалуу келиндин сөөгү Кыргызстанга алынып келинет

Индиянын Нью-Дели шаарында киши колдуу болгон кыргызстандык кош бойлуу келин жана анын баласынын сөөгүн Бишкекке алып келүү маселеси каралууда. Бул тууралуу тышкы иштер министрлиги билдирди.


Маалыматка ылайык, кырсык 20-сентябрдан 21-сентябрга караган түнү маркумдун досунун батиринде болгон. Ушул тапта кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган экен. Шектүүлөр Нью-Дели полициясы тарабынан суракка алынууда.


22-сентябрда Индиянын жалпыга маалымдоо каражаттары Нью-Делиде беш айлык боюнда бар Кыргызстандын жараны баласы менен бычакталып сөөгү досунун үйүнөн табылганын жазган. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн