Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 22:27
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Икрамов: Элди мажбурлап унааларын камсыздандыруу туура эмес

25.01.2023 11:57
396
Икрамов: Элди мажбурлап унааларын камсыздандыруу туура эмес

Бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов автотранспорт каражаттарын милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу маселени кайрадан көтөрдү.


Депутат билдиргендей, элди мажбурлап унааларын камсыздандыруу туура эмес.


"Элди мажбурлап унааларын камсыздандыруу өзү туура эмес. Азыр жок дегенде ыктыярдуу болуш керек. Өкмөт эл өзү камсыздандырууну каалап кала тургандай кылып түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Дагы бир жолу кайталап кетейин, бул мыйзамды 2025-жылга  жылдырыш керек",-  деди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн