Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 20:37
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

ИИМ Академиясынын курсанттары ант беришти

26.10.2022 14:19
456
ИИМ Академиясынын курсанттары ант беришти

ИИМдин Э.Алиев атындагы академиясынын саптык аянтчасында 26-октябрда 1-курстун курсанттарынын ант берүү аземине арналган салтанаттуу иш-чара өттү.


Академиядан билдиришкендей, 128 курсант өз элине, Ата Мекенине кызмат кылууга ант беришти.


Салтанаттуу иш-чарага ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, ички иштер органдарынын генералдары жана ардагерлери, ИИМдин академиясынын профессордук-окутуучулук курамы, курсанттардын ата-энелери жана жакындары катышты.


Салт боюнча салтанаттуу иш-чара ИИМдин академиясынын туусун көтөрүү менен башталды. Салтка айлангандай, Э.Алиев атындагы коомдук фонду тарабынан жакшы окуган курсанттарга стипендия берилди.


Салтанаттуу иш-чара офицерлердин жана курсанттардын салтанаттуу жүрүшү менен аяктады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн