Чын курандын 27, 2025
Убакыт: 15:16
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Гүлжигит Алыкулов Азиянын мыкты футболчусу аталды

15.03.2021 14:50
740
Гүлжигит Алыкулов Азиянын мыкты футболчусу аталды

Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын жана коңшу Казакстандын "Кайрат" футболдук клубунун оюнчусу Гүлжигит Алыкулов апта ичиндеги Азиянын мыкты футболчусу аталды. Мындай маалымат Азия футбол конфедерациясынын (АФК) сайтына жарыяланды.


Маалыматка ылайык, кыргыз футболчусу добуш берүүдө 44,39 пайыз добуш алып, 10 футболчунун ичинен биринчи орунду камсыздаган. Экинчи орунга Орусиянын "Зенит" футболдук клубунун ирандык чабуулчусу Сердар Азмун ээ болгон. Ал сурамжылоодо 22,42 пайыз добуш алган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн