Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 08:17
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

16.11.2021 20:12
609
Гүлзат Мамытбек ачкачылык жарыялады

Гүлзат Мамытбек тергөө абагында  ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы күрөшүү улуттук борборунан кабарлады.


"Бүгүн, 16-ноябрда улуттук борбордун кызматкерлери Гүлзат Мамытбек жаткан абак жайына барышкан. Анда алдамчылыкка шектелген Гүлзат айым кызматкерлер менен сүйлөшүп, 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаганын, бирок расмий түрдө СИЗОнун жетекчилигине билдирбегенин айтты.


Ал негизсиз айып тагылганын, анын маселеси жарандык процессте каралышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, колунда бардык ырастоочу документтер бар.

Мындан тышкары Гүлзат Мамытбек Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жана Ички иштер министрлигинин мекемелериндеги камак жайларынын начардыгына, тактап айтканда өз убагында кат-кабарлар жөнөтүлбөгөнүнө, кызматкерлердин орой мамилесине нааразы болду. Биздин кызматкерлер ачкачылык боюнча камак жайдын жетекчилигине кабар беришти", - деп билдирди борбордон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн