Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:09
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Евразиялык экономикалык форумдун алкагында 4 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

24.05.2022 11:26
389
Евразиялык экономикалык форумдун алкагында 4 миңден ашуун милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт

ЕАЭК жана Евразиялык экономикалык форумдун алкагында коомдук коопсуздукту 4 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу  ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.


Анын айтымында, Бишкекте 26-27-майда Евразиялык экономикалык форум жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны өтөт.


“Бүгүнкү күндө Ички иштер министрлиги жогорудагы аталган иш-чараларды өткөрүүдө коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар иш-чараларды өткөрдү. Форум өтө турган жерлерде коомдук коопсуздукту камсыздоочу ички иштер органдарынын өздүк курамына тиешелүү тапшырмалар коюлду. Буга чейин Бишкек жана Чүйдө 17-19-май аралыгында “Укук тартип” алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Анын негизинде жол боюндагы үйлөрдө жашаган адамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Мергенчилердин курал-жарактарын сактоо текшерилип, баары каттоого алынды”, - дейт ал.


Исмаилов жарандарды иш-чара өтүп жатканда милиция кызматкерлерине коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүүгө чакырып кетти.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн