Баш оона 15, 2025
Убакыт: 17:13
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Эртең Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат

30.06.2023 13:08
472
Эртең Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылат


Эртең, 1-июлда Чүй проспектиси жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Панфиловдон Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү саат 18.00дөн 00.00гө чейин «Чек талап кыл - байге утуп ал!» лотереясынын утуштары ойнотулуп жатканына байланыштуу жабылат.


Мамлекеттик салык кызматынын маалыматы боюнча, 13 супер байге ойнотулат: 10 электромобил жана 3 чет өлкөгө саякат, ошондой эле аянтка келген көрүүчүлөр үчүн гана 15 заманбап смартфон.


Лотерея кызыктуу шоу-программа жана эстрада жылдыздарынын катышуусунда чоң концерт менен коштолот.


Иш-чара саат 19.00дө башталып, түз эфир УТРКдан, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында көрсөтүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн