Баш оона 05, 2025
Убакыт: 10:24
USD
87.30
87.80
EUR
100.60
101.60
RUB
1.085
1.110

Эртең Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат

02.09.2023 18:21
436
Эртең Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылат


Эртең, 3-сентябрда, Бишкектеги Иса Ахунбаев атындагы көчөнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу калаа мэриясынан билдирди.


Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсү менен Бакаев көчөсүнүн кесилишиндеги жерде канализациялык коллекторду куруу иштери жүрөт.


“Буга байланыштуу 3-сентябрда саат 06:00дөн кечки саат 22:00гө чейин унаа кыймылы үчүн жол жабылат. Мындан улам №5 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрүп, түштүк багыты боюнча Абдрахманов, Байтик баатыр, Аалы Токомбаев көчөлөрү менен каттамын улантат. Ал эми №14 троллейбус 3-сентябрь күнү толугу менен линияга чыкпайт”, — деп билдирди мэрия.


Шаар бийлиги ыңгайсыздык үчүн бишкектиктерден кечирим сурап, каттамды алдын ала пландап алууну өтүнөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн