Кулжа 17, 2025
Убакыт: 07:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Эми кыргызстандыктардын бардыгы Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алат

09.08.2023 13:44
411
Эми кыргызстандыктардын бардыгы Ысык-Көлдүн пляждарына эркин кире алат


2022-жылдын 13-майындагы “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилди

Президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 9-августунда № 185 “КР президентинин 2022-жылдын 13-майындагы № 150 “Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка Ысык-Көл көлүнүн пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.

Өзгөртүүлөрдө бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүү мүмкүндүгү каралган.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн