Бугу 14, 2025
Убакыт: 14:11
USD
87.30
87.80
EUR
97.40
98.40
RUB
1.070
1.100

Эмгек министрлиги менен ЮНИСЕФ 2025-жылга карата иш планга кол койду

14.05.2025 10:51
13
Эмгек министрлиги менен ЮНИСЕФ 2025-жылга карата иш планга кол койду


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) 2025-жылга карата биргелешкен жумушчу планына расмий түрдө кол коюшту. Бул тууралуу министр Равшанбек Сабиров документке кол коюу учурунда билдирди.


"Бул план жөн гана ак кагаз эмес. Бул биздин жалпы жоопкерчилигибиздин, туруктуу өнүгүүгө умтулуубуздун натыйжасы жана бир дагы баланы, бир дагы үй-бүлөнү кароосуз калтырбоо үчүн күчтүү саясий эрктин көрүнүшү. Бул өзгөчө турмуштук оор кырдаалда алсыз болуп калгандарга кам көрүүгө тиешелүү", — деди Сабиров.


Анын айтымында, бул план балдардын укугун коргоо жана социалдык колдоо жаатындагы улуттук приоритеттерин жана Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерин эске алуу менен иштелип чыккан. Министрликтин саясаты үч негизги максатка багытталган:


  1. - Балдар үчүн коопсуздук, камкордук жана сүйүү менен өсө турган чөйрөнү түзүү;

  2. - Кыйын болгон жерде мамлекет балдар үчүн инклюзивдик шарттарга кепилдик бериши;

  3. - Жооптуу мамлекеттик кызматтар балдардын суроолоруна аяр мамиле жасашы үчүн социалдык инфраструктураны өркүндөтүү.

ЮНИСЕФтин өкүлү Самман Тапа Кыргстандын министрлер кабинети балдардын укуктарын коргоо маселелерине берилгендигин жогору баалады.


"Биз балдарды социалдык коргоо маселесинде социалдык кызматкерлердин ролун белгилеген иш-чараны колдоого даярбыз".


Сабиров ЮНИСЕФке көрсөткөн эксперттик жана техникалык колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн