Бугу 23, 2025
Убакыт: 17:18
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

Эмгек министри үй-бүлөнү коргоо боюнча эл аралык декларацияга кол коюуга катышты

23.05.2025 09:58
22
Эмгек министри үй-бүлөнү коргоо боюнча эл аралык декларацияга кол коюуга катышты


Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров үй-бүлө институтун коргоо жана колдоо жөнүндө эл аралык декларацияга кол коюунун расмий аземине катышты. 


Ведомстводон маалымдашкандай, документ үй-бүлө маселелери боюнча эл аралык форумдун негизги жыйынтыгы болду, ага жогорку даражалуу адамдар, эксперттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.


Декларация салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарды коргоо, нике институтун бекемдөө, келечек муундардын бакубаттуулугун жана туруктуу демографиялык өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн өлкөлөрдүн күч-аракеттерин бириктирүүгө багытталган. Андан соң бул документти эл аралык уюмдарга, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмуна долбоордук резолюция катары берүү пландаштырылууда.


Кол коюу аземи өткөн форум заманбап үй-бүлөлөр туш болгон глобалдык көйгөйлөрдү талкуулоого жана алардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн биргелешкен чечимдерди табууга арналды. Катышуучулар тажрыйба алмашуу жана үй-бүлөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, алардын укуктарын жана коомдогу ролун коргоо боюнча ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.


Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө социалдык саясаттагы эл аралык кызматташтык, ата-энени колдоо, демографиялык туруктуулук, балдарды коргоо жана үй-бүлөлөрдү миграциялык жана экономикалык өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусу темалары көтөрүлдү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн