Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 07:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Электр энергиясына карызыңыз жокпу? 3700 абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

27.10.2021 08:28
916
Электр энергиясына карызыңыз жокпу? 3700 абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт

27-октябрдан тарта карызы бар 3,7 миңден ашык абоненттин жарыгы аралыктан өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасы билдирди.


Бишкек боюнча абоненттердин карызы 5,7 миллион сомду түзөт. Мындан улам ишкана акчаны өз убагында төлөөгө чакырууда.


Тейлөөнү ыңгайлаштыруу үчүн "Түндүк электр" мобилдик тиркемеси жана ишкананын расмий сайтында "Абоненттин балансы" деген бөлүм ачылган. Ал жерде ар бир кардар өзүнүн эсеп-кысабын текшере алат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн