Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 01:55
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Эки күн жүрүү акысыз. Бишкекте жаңы келген автобустар линияга чыкты

31.08.2023 13:19
388
Эки күн жүрүү акысыз. Бишкекте жаңы келген автобустар линияга чыкты


Бүгүн Бишкек шаарында Кытайдан келген газ кыймылдаткычтуу жаңы автобустар линияга чыкты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-август өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү жана 1-сентябрь Билим күнүндө жаңы Jong Tong автобустары менен жүрүү акысыз болот.

Жаңы линиялар менен жүргөн No 15, № 51, № 52 автобустарга бекер жүрүүгө болот. Ошондой эле №100, №105, №152, №195, №32 каттамдары жаңы автобустук каттамдарга алмаштырылды.

Эске салсак, майрамдык концерт Ала-Тоонун аянтында өтүп, ал түн ортосуна жакын аяктайт.

Буга байланыштуу борбор калаанын жарандарынын жана конокторунун ыңгайлуулугу үчүн коомдук транспорттун иштөөсү саат 01:00гө чейин узартылды.
Ошондой эле майрамдык иш-чаралар өтүүчү жайларда жол убактылуу жабылгандыктан, айрым каттамдардын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт.

Шаар тургундары иш-чарадан кийин үйлөрүнө оңой жете алышат.

2023-жылдын 1-сентябрынан тарта бардык шаардык коомдук транспорт кадимки режимде иштейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн