Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Египет: Кыз-келиндер күрөшүндө Кыргызстан 4-орунду ээледи

27.02.2023 09:51
426
Египет: Кыз-келиндер күрөшүндө Кыргызстан 4-орунду ээледи


 

Египетте өткөн эл аралык рейтингдик турнирде Кыргызстандан барган кыз-келиндер жалпы эсеп боюнча 4-орунду ээледи.


Турнир ушул күндөрү Александрия шаарында өтүп жатат. Кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер 24-25-февраль күндөрү өтүп, жалпысынан 10 медалдар топтому ойнотулду.


Кыргызстандын кыз-келиндер курамасында 3 спортчу күч сынашты. Айсулуу Тыныбекова алтын алса, Мээрим Жуманазарова менен Айпери Медет кызы коло медалдын ээси болушту.


Командалык эсепте кыргызстандык кыз-келиндер 55 упайга ээ болуп, 30 команданын ичинен 4-орунга ээ болушту.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн