Баш оона 16, 2025
Убакыт: 07:21
USD
87.30
87.80
EUR
101.50
102.50
RUB
1.085
1.125

Эгемендүүлүк күнү. “Ала-Тоо” аянты автоунаалар үчүн жабылат

25.08.2023 17:28
590
Эгемендүүлүк күнү. “Ала-Тоо” аянты автоунаалар үчүн жабылат


Бишкектеги Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата концерт өтөт.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, буга байланыштуу 31-августта аянттын аймагындагы унаа кыймылы саат 17:00дөн 00:00гө чейин чектелет.

"Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү жабылат», - деп белгилешти муниципалитеттен.

Борбор калаанын мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн