Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:56
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев жарым финалга чыкты

15.09.2022 18:47
949
Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев жарым финалга чыкты

Эрназар Акматалиев Сербиядагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыкты.


Акматалиев 70 кг салмакта эркин күрөш боюнча мелдештин 1/8 финалынан баштап катышууда. Анын алгачкы атаандашы молдовалык Максим Сакултан болуп, Акматалиев аны 14:2 эсебинде утту.


Ал эми чейрек финалда кыргыз спортчусу болгариялык Рамазан Рамазанов менен күч сынашып, 11:0 эсебинде утту.


Белгилей кетсек, жарым финалда Акматалиев япониялык балбан менен күрөшөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн