Кулжа 17, 2025
Убакыт: 08:04
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.135

Депутат курулуш объектилерин 9 баллга чейин атайын аппараттын жардамы менен «силктирүүнү» сунуштоодо

25.01.2024 11:43
346
Депутат курулуш объектилерин 9 баллга чейин атайын аппараттын жардамы менен «силктирүүнү» сунуштоодо


Мамкурулуш техникалык коопсуздук жагынан начар иш алып барат. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсара Абдибаева билдирди.


«Сейсмологиялык институттун директорунун айтымында, тектоникалык өзгөрүүлөргө байланыштуу 12 баллдык жер титирөө күтүлбөйт, балким болгону 6-8 баллга чейин болушу мүмкүн. Бирок биздин имараттар 7-8 баллга да туруштук бере албайт», - дейт ал.


Анын айтымында, кечээ Мамкурулуш курулуш объектилерин текшерип, анализдердин негизинде алар 9 баллга туруштук берет деген жыйынтыкка келген.


«Бирок бул кагаз жүзүндө гана корутунду, аны эч ким текшерген жок. Аны атайын аппарат менен текшериш керек – имаратты 9 баллга чейин чайкап, андан кийин гана алар аман калат деген корутундусун бергиле», - деп кошумчалады ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн