Бүгүн, 15-июлда ЖК депутаты Азизбек Турсунбаев Ала-Бука районунун Т. Балтагулов айыл аймагындагы Ак-Коргон, Падек, Коргончо айылдарынын жашоочулары менен жолугуштум, деп билдирди эл өкүлү социалдык баракчасы аркылуу.
Билдирүүгө ылайык, жолугушуу Ак-Коргон айылындагы клубда өткөн.
Жергиликтүү тургундар тарабынан бир катар маселелер айтылып, алардын олуттуулары төмөнкүлөр:
- Сугат суу маселеси жана скважинанын төлөмүн азайтуу;
- Ак-Коргон айылындагы стадиондун чатырын жабуу;
- Баястан айылына кетчү жолду кеңейтүү;
- Баястан айылына мектеп жана трансформатор маселеси;
- Жөлөк пулдун суммасын көбөйтүү маселеси, учурда берилип жаткан 1200 сом жетпейт;
- Ак-Коргон айылына спорт комплексин куруу;
- Ички көчөлөргө шагыл төшөө;
- Падакана деген жерди жер тилкеси катары берүү сунушу;
- МБанктын филиалын ачуу.
Эл өкүлү бул маселелерди тиешелүү мамлекеттик органдарга жеткирип, оң жагынан чечилүүсүнө көмөк көрсөтүүнү убада кылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн