Теке 15, 2025
Убакыт: 23:29
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Ала-Букада мөмө-жемиш сактоочу логистикалык кампа курулууда

15.07.2025 16:39
39
Ала-Букада мөмө-жемиш сактоочу логистикалык кампа курулууда


Ала-Бука районунда мөмө-жемиштерди сактоого ылайыкташкан логистикалык кампа курулууда.

Суу ресурстартары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, сактоо сыйымдуулугу 400 тоннаны түзгөн бул кампа жеке ишкер тарабынан мамлекеттик каржылык колдоонун негизинде курулууда.


Курулушка жалпысынан 9 млн сом каралган. Кампа ишке берилгенден кийин алча, алма, кара өрүк сыяктуу жергиликтүү мөмө-жемиштер сакталат. Бул өз кезегинде жергиликтүү дыйкандар үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, продукцияны узак убакыт сактоого жана сапатын жоготпой сатууга шарт түзөт.


План боюнча объект 2025-жылдагы мөмө-жемиш сезону башталганга чейин толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.


Белгилей кетсек, Айыл чарба министрлиги кайра иштетүү жана соода логистикалык инфраструктурасын өнүктүрүүнү артыкчылыктуу багыт катары белгилеген. Бул багытта республиканын бардык аймактарында мөмө-жемиш жана жашылча сактоочу заманбап кампаларды куруу иштери жүрүп жатат.


Мындай кампа-фонддор айыл чарба продукцияларынын сапатын сактап, кошумча нарк жаратып, ички жана тышкы рынокторго жеткирүүдө чоң роль ойнойт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн