Бугу 01, 2025
Убакыт: 06:36
USD
87.30
87.80
EUR
99.10
100.10
RUB
1.060
1.090

Депутат Мейкинбек Абдалиев «Тазалык» ишканасынын жетекчисинин ишин сынга алды

13.12.2023 10:55
318
Депутат Мейкинбек Абдалиев «Тазалык» ишканасынын жетекчисинин ишин сынга алды


Депутат Мейкинбек Абдалиев «Тазалык» ишканасынын жетекчисинин ишин сынга алды. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.


Анын айтымында, чиновник социалдык тармактарга тынымсыз чыгып, эмгегинин канчалык зор экенин айтып турат.


«Бүгүн эртең менен көчөлөр кардан тазаланбагандыктан көптөгөн жарандар жумушка кечигип келишти. Болгону Манас проспектисине кандайдыр бир жол менен туз себилген, калган көчөлөр карга көмүлгөн. Ал блогерби же ким өзү? Иштегиси келбесе кетсин», - деди депутат.


Белгилей кетсек, "Тазалык" ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн кардан тазалоо иштери тынымсыз жүрүп жатканын билдирип, 500 тоннадан ашык туз себилгенин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн