Чын курандын 30, 2025
Убакыт: 03:39
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

Депутат: Кыргызстанда канча губернатор, аким, мэр аял бар?

27.09.2023 12:36
599
Депутат: Кыргызстанда канча губернатор, аким, мэр аял бар?


Кыргызстанда канча губернатор аял бар, деп сурады депутат Акбөкөн Таштанбеков 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаевден.


«Губернатордун 4 орун басары бар, губернатор жок», - деп жооп берди Базарбаев.


— Райондун акимдеричи? – деп сурады депутат.


«31 акимдин орун басарлары бар, бирок аял акимдер жок», - деп жооп берди министрдин орун басары.


— ИИМде же РИИБде аялдардан жетекчилер барбы? — деп сурады Таштанбеков.


«Жок», — деди ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов.


«Канча айыл өкмөт башчы, канча шаар мэрибар?", - деп белгиледи депутат.


«Мэрлер жок», - деди Базарбаев.


Жогорку Кеӊеште депутаттар аялдар менен эркектердин бирдей укуктарынын мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө мыйзамга Конституцияга ылайык келтирүү боюнча өзгөртүүлөр каралды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн