Кулжа 15, 2025
Убакыт: 20:13
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

Депутат Элвира Сурабалдиева эмне үчүн суракка чакырылганы айтылды

21.09.2020 13:13
1312
Депутат Элвира Сурабалдиева эмне үчүн суракка чакырылганы айтылды


"Ата-Мекен" партиясынан депутаттыкка талапкер Элвира Сурабалдиеванын суракка чакырылышы ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановдун иши менен байланыштуу. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 21-сентябрда билдирди.


Маалыматка караганда, аталган иш тергелип жатканда парламенттеги айрым депутаттар, анын ичинде Э.Сурабалдиева дагы күбө катары чакырылган. 


"Элвира Сурабалдиевага 17-сентябрда күбө катары көрсөтмө берүү үчүн сотко келүү тууралуу кабар берилген. Депутаттын суракка чакыруунун себебин билбейм дегени чындыкка дал келбейт. Чакыруу Сурабалдиеванын саясий ишмердүүлүгү менен байланышту эмес",- деп айтылат маалыматта. 


Курсан Асанов "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген негиз менен 2019-жылы 13-августта кызматтан бошотулган. Ага карата кылмыш иши козголуп, үй камагына алынган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн