Кечээ интернетте Чүй облусунун “Жанат” эс алуучу жайында “Тойота Камри”, “Лексус”, жана “БМВ” үлгүсүндөгү унаалардын жүргүнчүлөрү терезелеринен тулку боюн чыгарып, автоээнбаштык жасап жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынан билдиришкендей, бул факты боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, ЖКККББнын орун басары Эмил Жакыпов тарабынан унаанын айдоочулары кармалып, 45 миң сом айып салуу менен унаалар айып короо жайына токтотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн