Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Дмитриевка айылында Ысык-Ата дарыясына түшүп кеткен 6 жаштагы баланын сөөгү табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күн мурун 2019-жылы туулган Д.А. аттуу бала дарыяга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруу иштерин жүргүзүүгө 217 адам тартылган.
"Ал эми бүгүн куткаруу иштерине жалпы 162 адам тартылып, анын жыйынтыгында баланын сөөгү табылып, милицияга өткөрүп берилди",-деп айтылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн