Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 23:51
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Чуңкурчак жайлоосунда жолго токтотулган унаалар эвакуацияланат

30.08.2022 15:14
401
Чуңкурчак жайлоосунда жолго токтотулган унаалар эвакуацияланат

Эртең, 31-августта Чуңкурчак жайлоосунда жол кыймылын көзөмөлдөөгө Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан 200дөн ашык кызматкер тартылат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого жана Канай уулу Байтик баатырдын 200 жылдыгына карата Чуңкурчак жайлоосунда милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөйт.


“Ыңгайлуулукту түзүү жана унааларды туш келди токтотууларга жол бербөө үчүн 11 унаа токтотуучу жай каралды. Ошондой эле эвакуаторлор да колдонулат. Элди унаа токтотуучу жайдан маареке өтүп жаткан аянтчага жеткирүү үчүн беш кичиавтобус каттайт”, - деп айтылат маалыматта.


Мындан тышкары, фильтрациялоочу посттордо техникалык жактан абалы начар унаалардын капчыгайга кирүүсүнө чектөөлөр киргизилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн