Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 06:47
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Чолпон-Атада эки өмүрдү алган окуянын чоо-жайы белгилүү болду

Чолпон-Атада эки өмүрдү алган окуянын чоо-жайы белгилүү болду


23-июлда Ысык-Көл районунун аймактык ооруканасына Тез жардам менен үч адам оор жаракат алып түшкөн. Окуя каттоого алынып, ооруканага ыкчам-тергөө тобу барып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.


"Анын жүрүшүндө 23-июль күнү саат 16:30дар чамасында Чолпон-Ата шаарында жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде, суу оюн-зоок кызматын көрсөткөн моторлуу кайыктын айдоочусу көлдүн үстүндө жүргөн "Таблетка" баллонун сүйрөтүп бара жатып теплоходго урунганы белгилүү болгон. Натыйжада үч адам денесинен жаракат алып, Чолпон-Ата шаарынын райондук ооруканасына оор абалда жеткирилген. Жабыркаган үч адамдын экөөсү жандандыруу бөлүмүнөн ошол түнү көз жуумп, үчүнчү жабырлануучу хирургия бөлүмүнө жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.


Милиция шектүүнү кармады. Алдын ала суракта ал өз күнөөсүн толугу менен мойнуна алган.


Учурда тийштүү соттук-медициналык экспертизаалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери улантылууда.


Эске салсак, буга чейин жекшемби күнү, 23-июлда, 2004-жылкы кыз менен 2000-жылкы баланы скутер коюп кеткени айтылган. Экөө тең алган жаракатынан улам каза тапкан. Дагы бир жабыркаган кыз ооруканада жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн