Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 22:10
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат, - Ч.Айдарбеков

04.10.2020 10:45
1397
Чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат, - Ч.Айдарбеков

“Чет өлкөдөгү дипломатиялык мекемелер штаттык режимде иштеп жатат. Дипломатиялык миссия тарабынан чет өлкөдөгү кыргыз жарандарына кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бардык дипломатиялык мекемелерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздук талаптарын сактоо боюнча чаралар каралды”, - деп билдирди КР Тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков.

Анын айтымында, жалпы шайлоочулардын саны 32 602 жаранды түздү. Быйыл биринчи добуш берүү шайлоо участогу Россиянын Түштүк Сохалин шаарында ачылган. Азыркы учурда 20 участокто шайлоо окуругу иштеп жатат. Акыркы добуш берүү Вашингтонтогу элчиликтин участогунда жыйынтыкталат.

Бишкектеги эртең мененки саат 09:00гө карата чет өлкөдөгү шайлоочулардын катышуусу 535 адамды түздү. Биз жарандардын шайлоого толук  катышуусун күтөбүз”, - деп кошумчалады ал.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн