Кулжа 06, 2025
Убакыт: 20:28
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Түндүк Корея менен беттешет

05.06.2025 12:59
41
Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Түндүк Корея менен беттешет


Бүгүн, 5-июнда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Түндүк Корея менен Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.


Беттеш 2026-жылкы дүйнө чемпионатынын III тандоо раундунун алкагында өтөт. Кыргызстандыктар бул оюнду Бишкек убактысы боюнча 00:15те (6-июнга караган түнү) көрө алышат. Ошондой эле беттеш Ала-Тоо аянтына коюлган чоң экрандан акысыз көрсөтүлөт.


Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына ылайык, Ала-Тоо аянтында футболду түз алып берүүнүн алкагында фан-зона уюштурулат. Анда балдар жана чоңдор үчүн мастер-класстар өткөрүлүп, футбол клубдарынын жана мектептеринин жарманкеси, интерактивдүү зоналар жана оюндар уюштурулат. Башталышы – 19:00дө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн