Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 05:41
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Борбор калаадагы батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды

25.06.2021 09:49
830
Борбор калаадагы батирлердин биринен пенсионердин сөөгү табылды


КМдин Куткаруу кызматына Бишкектин Сыдыков көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн батиринин эшиги бекилип калганы жөнүндө маалымат түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, куткаруучулар альпинисттик шаймандардын жардамы менен балкон аркылуу эшикти ачып киргенде, батирдин ичинен 76 жаштагы С.В. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Эшик ачууга 5 куткаруучу тартылган. Маркумдун сөөгү милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн