Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 03:43
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган кыргызстандык кармалды

15.11.2023 10:55
368
Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган кыргызстандык кармалды


Москва шаарында туруп мекенинде массалык башаламандыктарды уюштурууга, бийликти күч менен басып алууга чакырык жасаган кыргызстандык кармалып, Жалал-Абадга алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.


"К.Н.К. аттуу 37 жаштагы киши өлкөдөн тышкары жүрүп тенденциялуу, чагымчыл маалыматтарды, анын ичинде массалык башаламандыкка жана андан кийин бийликти күч менен кулатууга/басып алууга чакырыктарды жарыялаган. Ал мамлекеттик жана мамлекеттер аралык издөөгө алынган", — деп айтылган маалыматта.


Россиядан алып келинген К.Н.К. 2023-жылдын 20-ноябрына чейин УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө абагына киргизилген.


Атайын кызматтан бул иш боюнча тергөө жүрүп жаткандыгын кошумчалашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн