Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 01:05
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Быйыл Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автоунаа чыгаруучу заводду ишке киргизүүнү пландоодо

19.01.2023 14:31
482
Быйыл Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте автоунаа чыгаруучу заводду ишке киргизүүнү пландоодо

Автоунаа чыгаруу боюнча биргелешкен кыргыз-өзбек заводунун быйыл ишке кириши пландалууда. Бул тууралуу  Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.


Анын айтуусуна караганда, былтыркы жылдан бери аталган багытта тиешелүү иштери жүргүзүлүп жатат.


"Салык жана бажы алымдарына байланыштуу айрым көйгөйлөр болду. Анткени Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө, ал эми Өзбекстан мүчө эмес. Бирок биз бир пикирге келе алдык. Бүгүнкү күндө бардык документ иштери аяктап калды. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга күтүлүп жаткан мамлекеттик визитинин алкагында жыйынтыктоочу документке кол коюу күтүлүүдө. Ишкана түптөлгөндөн кийин бир жылдын ичинде өндүрүштү ишке киргизүү пландалууда", - деди Кулубаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн