Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 18:20
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкектин вице-мэри коронавирус аныкталган адамдар кайда жашаганын айтты

12.06.2020 12:10
1142
Бишкектин вице-мэри коронавирус аныкталган адамдар кайда жашаганын айтты

COVID-19 аныкталган 162 адам Бишкек шаарындагы 25 конуштун жашоочулары болуп саналат. Бул тууралуу Бишкектин вице-мэри Татьяна Кузнецова 12-июнда брифинг учурунда билдирди. 


Анын айтымында, шаардын борбордук бөлүгүндө илдет жуккан жарандардын көпчүлүк бөлүгү кичи райондордо жашайт.


"12-кичи районунда 15 адам, Жал кичи районунда – 15 адам, Аламедин-1 кичи районунда – 5 адам, Фучик көчөсүндө – 6 адам жашайт", - деди Татьяна Кузнецова. 

 

Вице-мэр белгилегендей, Бишкек шаарында коронавирус менен жалпы тастыкталган учурлардын ичинен 63 жаран өздөрү кайрылгандар. Ал эми 34 учурдун булагы такталбагандыктан, Шаардык санэпидкөзөмөл борбору изилдөөнү улантып жатат. Айрым жарандар, вирусту коомдук жайлардан - базардан, соода борборлорунан, коомдук транспорт жана автобустардан жүктуруп алганын айтышкан. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн