Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Бишкектин төрт районунда Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өтөт

19.03.2024 15:28
262
Бишкектин төрт районунда Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өтөт


Борбор калаанын төрт районунда Ноорузга карата майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Октябрь районунда:
18, 19, 20, 21-март күндөрү №88, №103, №100, №20, №73, №63, №62, №9, №39 орто мектептеринин базасында, №20, №56, №14, №26, №37, №60, №30, №34 жана №71 ЖББМИде майрамдык иш-чаралар, улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү, улуттук спорттук мелдештер жана «Сармерден» оюну уюштурулат.

Свердлов районунда:
20-март күнү №17, 318, №21 МАБнун аймактарында майрамга карата боз үй тигилип, элдик оюн зоок уюштурулууда.
21-мартта №89 жана №38 мектептердин жанында, ошондой эле №25 кварталда боз үйлөр тигилген майрамдык салтанаттар өтөт.

Ленин районунда:
21-мартта Нооруздун урматына майрамдык салтанаттар 2-Товарная көчөсү, 514, Люкс сейил багында, Ак-Ордо конушунда, Газпром-Балдар спорттук-эс алуу комплексинде, Asia Mall соода борборунун жанында жана Чоң-Арыкта өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында ооз ачар уюштуруу жана улуттук «сүмөлөк» тамак-ашын даярдоо, концерттик программа жана улуттук спорттук оюндар уюштурулат.

Биринчи май районунда:
21-мартта Кулатов жана Каракөл көчөлөрүнүн кесилишинде, Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде, Манас-Боталиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бакта, Малышева жана Кудрук көчөлөрүнүн кесилишинде, «Бугу-Эне-Багыш», «Касым» жана «Алтын-Казык» конуштарында майрамдык иш-чаралар өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн