18-майга караган түнү Бишкекте катуу шамал болду. Борбор калаанын тургундары табигый кырсыктын кесепеттерин чагылдырган кадрларды социалдык тармактарга бөлүшүүдө.
Алардын айтымында, катуу шамал бак-дарактарды жана электр чубалгыларынын тирөөчтөрүн кулатып, үйлөрдүн чатырларын учуруп, айнектерди сындырып, унааларды талкалаган. Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик желекти да жулуп кеткен.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун эскерткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн