Бишкектеги май-сыр кампасынын акцияларынын жарымы мамлекетке кайтарылды.
Атайын кызматтан билдиришкендей, Бишкек шаарынын Кулатов көчөсү 1 дарегинде жайгашкан мурдагы «Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза» ААКсынын (азыркы «Майкампа» ЖЧКсы) менчигиндеги мурдагы мамлекеттик мүлктү (менчиктештирүү) мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды.
Маалыматта айтылгандай, 1991-жылдан 2000-жылга чейин мамлекеттик мүлктү приватташтыруу активдүү жүргүзүлүп жаткан мезгилде, мамлекеттик мүлктү башкаруу органына караштуу «Майкампа – Бишкек өндүрүш-сатуу маслосырбаза» ААКсынын үлүшү ошол кездеги мыйзамдарды бузуу менен жеке жактарга арзандатылган баада сатылып кеткен.
Иликтөө иш-чараларынын аталган ишкананын жетекчилери «Майкампа» ЖЧКсынын 49% үлүшүн мамлекетке өткөрүп беришти.
Белгилей кетсек, бул компаниянын 49% акциясы министрлер кабинетинин алдындагы Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн